Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен “Gojo & Company Inc.” (Япония) корпорациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
12-Август 2024-ж.
1828

2024-жылдын 9-августунда Астана шаарында өткөн Борбордук Азия-Япония саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен “Gojo & Company Inc.” (Япония) корпорациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.


Эки тарап келечектеги өнөктөштүккө карата оптимизмин билдирип, жакынкы арада конкреттүү пландарды жана долбоорлорду иштеп чыгууну макулдашты. Меморандумга кол коюу эки тараптын тең туруктуу бизнес мамилелерин түзүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө болгон умтулуусун көрсөтөт.


Алсак, Япония тарап 2025-жылдын март айына карата Кыргызстандын микро финансалык рыногун өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин өткөрөт. 2025-жылдын сентябрына карата Япония тарап микро финансалык уюм менен акыркы макулдашууну түзөт, анда төмөнкүлөр каралат: айылдык чакан жана орто ишканалардын каржы кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында микро каржы уюмдун акционердик капиталына инвестициялар.


Маалымдама:

Корпорация Gojo & Company Inc.” (Япония) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү микро каржы жана микро кредиттик компанияларга финансалык кызмат көрсөтүүчү уюм болуп саналат. Корпорация 2014-жылдын 50 өлкөдө жогорку сапаттагы жеткиликтүү финансалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Жакырчылыкты азайтууга жана каалаган класстагы адамга финансалык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк берүү компаниянын миссиясы. Азыркы учурда, корпорация 8 мамлекетте (Шри-Ланка, Мьянма, Индия, Камбоджа жана Тажикстан) 5 каржы институтунун инвестору болуп саналат жана он жылдын ичинде 1 200 000 кардар босогосун аттады.




Онлайн кайрылуу