Бишкекте экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Кореялык Ѳкмөттөр аралык комиссиянын 6-жыйыны өттү

Новости
12-Август 2024-ж.
2097

2024-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангельдиевдин төрагалыгы алдында экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Кореялык Өкмөттөр аралык комиссиянын (ѲАК) 6-жыйыны болуп өттү. Кореялык делегацияны Корея Республикасынын тышкы иштер министринин экономикалык маселелер боюнча орун басары Ким Хи Санг жетектеди.


Жыйындын жүрүшүндө Данияр Амангельдиев Корея Республикасы Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы достук жана ишеним мамилелеринин маанилүүлүгүн, ошондой эле энергетика, санариптештирүү, айыл чарба жана токой чарбасы, саламаттыкты сактоо, жер ресурстары, мамлекеттик башкаруу, маданият жана башка маанилүү экономикалык тармактарда ийгиликтүү кызматташууну баса белгиледи.


«Бүгүнкү күндө биз эки өлкөнүн экономикасын жаңылоонун жана өзгөртүүнүн жолунда турабыз, алар экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын, инфраструктураны өнүктүрүүнүн, интеграциянын, инновацияларды жана санариптик технологияларды жайылтуунун, ошондой эле биздин кызматташтык үчүн жаңы өсүү багыттарын издөөнүн артыкчылыктарынын үстүндө биргелешип иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзөт», - деп баса белгиледи Данияр Амангельдиев өз сөзүндө.


ѲАКнын алкагында эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүү, логистикалык кампа бөлүштүрүү борборлорун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илимий-технологиялык, билим берүү, технологиялык борборлорду жана технопарктарды, ошондой эле Кыргызстандагы финансы-өнөр жай кластерлеринин уюштуруу маселелери талкууланды.


Министр Корея Республикасынын алдыңкы тажрыйбасына таянуу менен, өзгөчө санариптештирүү жана инновациялар чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Мамилелерди андан ары өнүктүрүү, анын ичинде инвестициялык, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, ишкер байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү, энергетика, өнөр жай, геологиялык чалгындоо, инновациялар, туризм, айыл чарба тармактарында кызматташуу чоң кызыгууну жаратат.


Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле санариптештирүү, авиация, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында тараптардын кызматташуусунун перспективалары белгиленди.


Отурумдун жыйынтыгы боюнча Тараптар Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты жана бул отурумдун өзгөчө актуалдуулугун Корея Республикасына боло турган жогорку деңгээлдеги иш сапарга сапаттуу даярдык көрүүнүн контекстинде белгилешти.


Онлайн кайрылуу