2024-жылдын январь-июль айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө кыскача экспресс маалымат

Новости
09-Август 2024-ж.
1742

2024-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жалпысынан экономикалык өсүштүн оң тенденциясын көрсөтүп жана жыл башынан бери туруктуу оң динамикасын көрсөтүп келе жатат.  


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2024-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 677,1 млрд. сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 108,7 %ды (2023-жылдын январь-июлунда – 101,8 %) түздү.


Иш жүзүндө экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: курулушта өндүрүштүн көлөмү 43,3%га, тейлөө чөйрөсүндө – 8,4 %га, өнөр жайда – 1,0 %га, айыл чарбасында – 6,6%га өстү.


Экономикалык өсүш 2024-жылдын январь-июль айларында кызмат көрсөтүү тармагынын, айыл чарбанын жана курулуштун көлөмдөрүнүн өсүшү менен шартталган.

Өнөр жай. 2024-жылдын январь-июль айларында өнөр жай ишканалары тарабынан жалпы суммасы 280,4 млрд сомго дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн дүң көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,8 %га өстү (2023 – жылдын январь-июлунда - 0,3 % га өсүш).


Өнөр жай өндүрүшүнүн 2023-ж. январь-июлуна салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларын (1,7 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (31,7 %га), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын (20,0 %га), фармацевтикалык продукцияларды (20,8 %га), пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (10,3 %га), ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн жана кийим-кече өндүрүүнүн (7,2 %га) көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалды.  


Муну менен бирге негизги металлдарды өндүрүүдө (12,3 %га), ошондой эле пайдалуу кендерди казууда (4,5 %га) көлөмдүн төмөндөшү белгиленди. 

Электр энергиясы, газ, буу менен камсыз кылууда 2024-жылдын январь-июль айларында өндүрүштүн көлөмү 34,4 млрд. сомду түзүп, 11,3 %га көбөйүшү, электр энергияны өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 12,1 %га өсүшү менен камсыздалды.

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 21,1%га көбөйүшү негизинен  сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн 3,5 %га өсүшү менен шартталды.


Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,17 пайыздык пунктту түзгөн. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 16,8 %ды түздү.


2024-жылдын январь-июль айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 165,7 млрд. сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине салыштырмалуу реалдуу өсүш темпи 106,6 %ды түздү. 

Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулуктун дүң продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү 2023-жылдын январь - июль айларына салыштырмалуу өсүмдүк продукциясын өндүрүүнүн 14,4  %га өсүшү негизинен буудай өндүрүшүнүн 38,8 %га, арпанын – 67,6 %га, жемиштер жана мөмө-жемиштердин – 29,1 %га, майлуу өсүмдүктөрдүн – 14,7 %га  жана коон өсүмдүктөрүнүн – 37,5 %га, ошондой эле мал чарба продукциясынын 2,2 %га көбөйүшү менен  камсыз болду.  Муну менен бирге, жумуртка өндүрүшү 10,5 %га, сүт өндүрүшү – 2,6 %га  жана эт өндүрүшү – 1,4 % көбөйдү.

Айыл чарба өндүрүшү тарабынан ИДПны түзүүгө салым 0,51 пайыздык пунктту түзгөн. ИДПны өндүрүүнүн түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 7,7 %ды түздү.


2024-жылдын январь-июлунун жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 98,3 млрд. сомду түзүп, 54,1 %га өстү (2023-жылдын январь-июлунда 11,6 %га өскөн). 

2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын 45,6 %га жана тышкы каржылоо булактарынын 2,0 эсеге өсүшүнүн эсебинен камсыздалды. 

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, билим берүү, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу объекттеринин курулушунда, ошондой эле турак жай курулушунда белгиленди. 


2024-жылдын январь-июлунда инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 83 %дан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, иштетүү өндүрүшү, билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2024-жылдын январь-июлунда курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 96,7 млрд сомду түзүп, 43,3 %га өстү (2023-жылдын январь-июлунда 11,8 %га өскөн).


2024-жылдын январь-июль айларындагы өсүштүн негизги драйвери кызмат көрсөтүү сектору болду, анда 2024-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң продукциясынын көлөмү 546 млрд. сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10 %га өстү.


Ички суроо-талапка акча которуулардын таза агымынын көбөйүшү (6 ай ичинде 12,3% га көбөйгөн), орточо айлык эмгек акынын номиналдуу өлчөмүнүн - 10,6 % га, ошондой эле импорттук операциялардын көлөмүнүн – 12,4 %га  өсүшү колдоо көрсөткөн.


2024-жылдын январь-июль айларында дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 169,2 млрд. сомду түзүп, өсүү темпи 123,3 %ды түздү. 


Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүлөрүнүн 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу өсүшү негизинен дүң (56,9 %га) жана чекене сооданын (11,8%га) көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды.

Транспорттук ишмердүүлүктүн жана жүктөрдү сактоонун дүң көлөмү 48,1 млрд. сомду түздү жана 4,4 % га көбөйдү.


2024-жылдын январь-июль айларында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 17,8 млрд. сомду түзүп, 20,0 %га өстү. 2024-жылдын январь-июнунда мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмүнүн өсүшү республиканын бардык региондорунда алардын көбөйүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.

ИДПны түзүүгө тейлөө чөйрөсүнүн салымы 4,39 пайыздык пунктка бааланып, ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 50,8 %ды түздү.


2024-жылы Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстердин басаңдашы байкалды. Керектөө бааларынын индекси 102,3 %ды түздү (2024-жылдын июль айлары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жана 2 эседен ашык жайлады, анткени 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 105,4%ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-июлу 2023-жылдын январь-июлуна карата) 105,%ды түздү .


Баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына – 7,0 %га, азык-түлүк эмес товарларга – 2,4 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 0,8  %га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,7 %га жогорулады.


Бул мезгилде жаңы бышкан жемиштердин (20,9 %га), картошканын (19,0 %га), туздун (6,5 %га), алкоголсуз суусундуктардын (4,2 %га), орто дандуу күрүчтүн (3,7 %га), жогорку сорттогу ундун (3,5 %га), кой этинин (3,2 %га), балыктын (3,2 %га), сырдын (3,1 %га), уй этинин (2,9 %га), майлуулугу 2,5-3,2% болгон пастеризацияланган сүттүн (2,8 %га), канттын (2,6 %га) жана ак каймак майынын (1,2 %га) баалары эң көп кымбаттаган. 

Муну менен катар, жаңы бышкан жашылчалардын (19,5 %га), гречка акшагынын (11,7 %га), куюлуп сатылуучу сүттүн (10,7 %га), жумуртканын (8,5 %га), малдын тоң майынын (4,8 %га), уйдун боорунун (3,8 %га), өсүмдүк майынын (3,5 %га) жана биринчи сорттогу ундун (1,7 %га) бааларынын төмөндөшү катталды. 


Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-июнь айларында 35 298 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 5,2 %га өстү.


2024-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.


Алардын эң олуттуу жогорулашы башка тейлөө ишмердиги (41,5 %), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (30,7 %), курулуш (27,2%), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу (27,0 %),   пайдалуу кендерди казуу (24,1 %), кыймылсыз мүлк операциялары (22,6 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (21,4 %), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (16,4 %), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (16,1 %) чөйрөлөрүндө байкалды.


Тышкы жана өз ара соода. 2024-жылдын январь-июнь айларында тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7,6 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,4 %га өстү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү – 16,9 %ды, импорттуку – 83,1 %ды түздү.


Кыргыз Республикасынын экспорттук жеткирүүлөрү 2024-жылдын январь-июнунда 2023-жылдын январь-июунуна салыштырмалуу 3,2 %га азайып, 1,3 млрд. АКШ долларын түздү. 2024-жылдын январь-июнунда экспорттук жеткирүүлөрдүн 2023-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу азайышы керамикалык буюмдардын (3,9 эсеге), жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн (3,0 эсеге), транспорттук каражаттардын (2,1 эсеге), нан жана ундан жасалган кондитердик азыктардын (1,7 эсеге), кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдардын (1,6 эсеге), пахта буласын (31,3 %га), электр машиналарынын жана жабдуулардын (22,5 %га) азайышы менен шартталды. Муну менен бирге кара металлдардан жасалган буюмдардын (4,8 эсеге), башка даяр текстиль буюмдардын (1,8 эсеге), автомобилдер жана тракторлор үчүн тетиктерди жана жабдуулар (38,7 %га), алтындын (34,0 %га), тирүү жаныбарлардын (31,6 %га) жеткирүүлөрүнүн экспортунун өсүшү байкалды.


Кыргыз Республикасына импорттолгон товарлардын көлөмү 6,3 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,4 %га өстү.


Импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмүнүн 2023-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу өсүшү негизинен мунайзат продуктуларын (1,8 эсеге), жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү (1,8 эсеге), жаратылыш жана суюлтулган газдын (1,6 эсеге), жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын жана алардын тетиктерин (28,5 %га), фармацевтикалык продукцияларды (19,8 %га),  кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдарды (14,3 %га), мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын (12,6 %га) өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.   Ошол эле мезгилде трикотаж кездемелеринин (5,6 эсеге), жыгач жана андан жасалган буюмдардын (30,1 %га), жер семирткичтер (28,4 %га), электр машиналарынын жана жабдуулардын (26,1 %га) импорттук келип түшүүлөрүнүн көлөмү төмөндөдү.


Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июнунда дээрлик 2,0 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 9,3 %га азайды. Бул мезгил ичинде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,6 %) жана Казакстанга (26,5 %) туура келди.


ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук жеткирүүлөрдүн 2023-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 27,8 % га азайышы жабдуулардын жана механизмдердин (4,8 эсеге), глазурланбаган керамикалык плиткалардын (3,9 эсеге), эт жана эт азыктардын (3,7 эсеге), тоңдурулган балыктын (3,0 эсеге), электр машиналарынын жана жабдуулардын (2,0 эсеге), нан жана ундан жасалган кондитердик азыктардын (1,9 эсеге), жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын жана алардын тетиктерин (1,7 эсеге), баалуу металлдардын рудаларынын жана концентраттарынын (1,6 эсеге), кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдардын (1,6 эсеге), жылмаланган айнектин (1,6 эсеге)   жеткирүүлөрүнүн азайышы менен шартталды. 


Ошол эле убакта кара металлдардын (1,5 эсеге), пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын (28,9 %га), эмеректердин жана анын тетиктеринин (28,6 %га), сүт жана сүт азыктардын (14,4 %га)  экспорттук жеткирүүлөрүнүн өсүшү байкалды.  


ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттук келип түшүүлөрдүн 2023-ж. январь-июнуна  салыштырмалуу 1,2 пайызга азайышы таш көмүрдүн (2,8 эсеге), жер семирткичтер (2,5 эсеге), жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин (2,6 эсеге),  күн карама майы (1,8 эсеге), самын жана жуучу каражаттардын (1,8 эсеге), кагаз жана кагаздан жасалган буюмдары (1,7 эсеге), парфюмериядик-косметикалык жана ажаткана каражаттарынын (1,5 эсеге), канаттуулардын этин жана кошумча эт азыктары (36,2 %га), жыгач жана андан жасалган буюмдардын (33,9 %га), суулардын, минералдык жана газдалган кант кошулган суулардын (32,5 %га), пластмасса жана андан жасалган буюмдардын (31,8 %га), кара металлдан жасалган буюмдардын (19,1 %га), электр машиналарынын жана жабдууларынын (16,6 %га), буудайдын   (14,7 %га) азайышы менен байланыштуу болду.  

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 5,6 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу 18,1 %га өстү.






Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу