Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү менен КР ЭКМга караштуу Туризм департаменти 2024-жылдын 9-11-августунда КЭРнын Сиань шаарында өтүүчү «Сианьдагы Жибек жол - 2024» туристтик көргөзмөсүнө катышууда.
Белгилей кетсек, аталган көргөзмөгө атамекендик 5 туристтик компаниянын өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын уюштуруучулары Шэньси провинциясынын маданият жана туризм департаменти жана Сиань элдик өкмөтү.
Кѳргѳзмѳнү Шэньси провинциясынын маданият жана Туризм департаментинин директору Гао Ян жана Кытайдын элдик саясий консультативдик конференциясынын Шэньси провинциясынын комитетинин төрагасынын орун басары Гао Лин ачып, Кыргыз Республикасынын улуттук стенди менен таанышты.