“Ош облусунун жана Ош шаарынын Аймактык экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында кошумча нарк тизмегинин объекттери менен таанышуу болуп өттү

Новости
08-Август 2024-ж.
1814
КР Экономика жана коммерция министрлиги, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги КР Финансы министрлиги менен биргеликте «Ош облусун жана Ош шаарын Аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоорун АРИС, БКА жана ФКФ аркылуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан берилген каражаттардын эсебинен ишке ашырышат.  2024-жылдын 8-августунда жогоруда аталган долбоор боюнча Ош облусунда, Кара-Суу районунда, Курбан-Кара ЦДС “Канаттуулар чарбасы” айылында жайгашкан “ББК Групп” ЖЧКнын лидеринин 50 000 баш тоок тууй турган автоматтык тоокканасынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул иш - чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Төрөбаев, КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч. Сейитов, АРИСтин директору М. Аспеков, ФКФнын төрагасынын орун басары А. Дубанаев, КР Ош облусу боюнча КР ПЫУ төрагасынын орун басары Э. Жантаев жана БКАнын директору Т. Беков катышты.  Долбоордун алкагында "ББК Групп" ЖЧКсы: 1. 11 000 баш тоок тууй турган автоматтык тооккана; 2. 50 000 баш тоок тууй турган автоматтык тооккана; 3. Сэндвич панели 890 чарчы метр. метр. Ошондой эле Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылындагы 2 га жерге аралаш тоют өндүрүү үчүн цех – 480 м. кв, союу цехи – 300 м. кв жана жумуртка инкубациялоо үчүн 500 м. кв имарат куруу пландалууда. Тоок жумурткасы-күнүмдүк керектелүүчү тамак-ашка тиешелүү жана дээрлик ар бир керектөөчүнүн керектөө себетине кирет, ошондуктан бул продукт азык-түлүктү чекене саткан көпчүлүк соода түйүндөрүндө бар. Ош облусунда тооктун жумурткасына суроо-талаптын болушун жана продукцияны аймак боюнча бардык багыттарга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен “ББК Групп” ЖЧК өз продукциясын жүз пайыз сатууну камсыздай алды. Мындан тышкары, “Ноокат Алмасы” ССКК лидери болуп саналган “Алма” ЦДСтин катышуучусу “Термез” СЖК жемиш багына баруу болду. Долбоордун тармагындагы кооператив 5 гектар жерге “книп баум” технологиясы боюнча өстүрүлгөн көчөттөрдү отургузууга, тамчылатып сугаруу системасына, тор жана айыл чарба техникасына колдоо тапты.  Жогорку натыйжалуу алма багы заманбап жабдуулар жана техникалар (тамчылатып сугаруу, чачкычтар, мини-тракторлор, эспалерлер), жогорку түшүмдүү көчөттөр колдонула турган, ошондой эле жаңы ыкмалар боюнча багбанчылыктын агро технологиясын сактай турган бардык район жана облус үчүн көрсөтмө бакча болот.  Долбоорду ишке ашыруу “Термез” кооперативине алманы интенсивдүү өстүрүү боюнча туруктуу бизнести жана “Ноокат Алмасы” ССКК ЦДС лидери менен натыйжалуу жемиштүү өнөктөштүктү уюштурууга мүмкүндүк берет.

Онлайн кайрылуу