Кыргыз Республикасында менчик платформасын киргизүү маселелери жөнүндө

Новости
07-Август 2024-ж.
1927
2024–жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында Кыргыз Республикасындагы “SOURCE”  Мультилетералдык IT-платформасынын практикалык интеграциясын ишке киргизүү боюнча старттык жолугушуу болуп өттү. Санариптештирүү боюнча министрдин кеңешчиси Кубанычбек Закенаевдин төрагалыгы алдында өткөн жолугушууга мамлекеттик органдардын, ведомстволордун жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү да катышты.  Кыргыз Республикасындагы инфраструктуралык долбоорлорду сапаттуу даярдоо жана натыйжалуу координациялоо үчүн багытталган “SOURC” IT-платформасын практикалык интеграциялоо боюнча иш Швейцариянын экономикалык маселелер боюнча Мамлекеттик катчылыгынын (SECO) колдоосу менен туруктуу инфраструктура фонду (SIF) менен кызматташтыкта жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Ошентип, старттык жолугушуунун алкагында туруктуу инфраструктура фондунун өкүлдөрү тарабынан башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү кейстери менен “SOURCE” IT - платформасынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири презентация берилди, ошондой эле Кыргыз Республикасына интеграциялоо боюнча этаптуу план сунушталды.  Дискуссиялык талкуунун алкагында жолугушуунун катышуучулары бул платформаны мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү тарабынан инфраструктуралык долбоордук сунуштарды координациялоо жана даярдоо боюнча аны колдонуу үчүн интеграциялоо зарылдыгын белгилешти. Өз кезегинде министрлик ведомстволор аралык жумушчу топтун өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасында “SOURC” IT-платформасын интеграциялоо жана пилоттук ишке киргизүү боюнча иш-чараларды аткаруу боюнча активдүү иштерди аткарат. Бул платформа жөнүндө кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот: https://public.sif-source.org /

Онлайн кайрылуу