КР өкүлдөрү эл аралык семинарда экспорттук көзөмөл жаатындагы улуттук мыйзамдарды презентациялашты

Новости
06-Август 2024-ж.
1821

Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздануу маселелери боюнча башкармалыгы (БУУ АДБ), Германиянын экономикалык маселелер жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык башкармалыгы (ЖКК) Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540 (2004) резолюциясынын бир бөлүгүндөгү «Висбаден процесси» долбооруна ылайык ядролук, химиялык же биологиялык куралды жана аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо жана иштеп чыгуу, сатып алуу, өндүрүү, ээлик кылуу, ташуу маселелери боюнча семинар уюштурушту. 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда «Висбаден процесси» долбоорунун семинары ушул жылдын 31-июлунан 1-августуна чейин Астана шаарында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясынын (2004) алкагында экспорттук контролдоо жаатындагы улуттук мыйзамдардын презентациясы менен чыгып сүйлөштү.

Иш - чаранын максаты-Кыргызстандагы БУУ КК 1540 резолюциясын аткаруу-экспорттук контролду, бажы жана чек ара коопсуздугун кошо алганда, ар кандай секторлордогу иш-аракеттердин улуттук планынын учурдагы аткарылышын кароо жана баалоо, биологиялык, химиялык жана радиологиялык коопсуздук чараларына сереп жүргүзүү, Кыргыз Республикасындагы БУУ КК 1540 резолюциясынын шайкештигин жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн иш-аракеттердин улуттук планын жаңылоо боюнча сунуштарды талкуулоо жана түзүү.

Онлайн кайрылуу