Таиландда Кыргызстандын адал-индустриясынын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Новости
06-Август 2024-ж.
2058

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы «Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков Таиланд Королдугунун Элчилигинин «Таиланд менен Кыргыз Республикасынын ортосунда адал-тамак-аш өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрү жана алдыга жылдыруу» долбоорунун программасына катышты.

Ошентип, делегация таанышуу сапарларына, бизнес жолугушууларына активдүү катышып, халал индустриясынын негизги багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маалыматтар менен алмашышты.

Программанын жүрүшүндө КР ЭКМ караштуу «Адал индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик ишканасынын директору Алмаз Кайырбеков адал индустрия жана туризм чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн презентациялады.

Андан тышкары, Таиланд Королдугунун адал-индустрия жаатындагы кызыкдар органдары: Таиланд Королдугунун индустрия министрлигинин өнөр жай экономика башкармалыгы, Таиланд Соода Кеңеши, Борбордук Ислам Кеңеши, Чулалонгкорн университетинин «Адал» илимий борбору, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана туризм чөйрөсүндөгү (мейманкана) адал-кызмат көрсөтүүлөрдүн башка секторлору менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле аталган программага Казакстан менен Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Маалымдама:

Таиланд дүйнөдөгү адал продукциясын экспорттоочу беш өлкөнүн катарына кирет.

Ислам Кеңешинин веб-сайтына ылайык, өлкөдө 5826 бизнес оператору, 3811 фабрика, 14246 бренд жана халал стандарты боюнча сертификатталган 161 526 продукт бар.

Акыркы 2-3 жылда Таиланддан адал продукциясынын экспортунун көлөмү 6 млрд. доллардан (207,5 млрд.бат) ашкан.




Онлайн кайрылуу