«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 100 күндүк тармактык реформалардын жыйынтыгы чыгарылды

Новости
02-Август 2024-ж.
2025

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин отуруму болуп өттү.

Жыйында Бириккен Араб Эмираттарынын колдоосу менен иштелип чыккан жана 100 күндүк тармактык реформаларды жүргүзүүгө багытталган «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагындагы 100 күндүк тармактык реформалары жыйынтыкталды.

Тактап айтканда, 2-топтун төрт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты башкармалыгы тарабынан координацияланган темир жол транспорту менен жүк ташууну уюштурууга байланыштуу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү багыты боюнча иштердин натыйжасы чыгарылды.

Алсак, темир жол транспорту менен жүк ташууну уюштурууга байланыштуу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча, төмөнкү натыйжаларга жетишилди:

- вагондорду (контейнерлерди) 23 мүнөттө чыгаруу макулдашылды, буга чейин 3 сааттан ашык болчу;

- КТЖ УК МИ ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн маалыматтык электрондук системасы иштелип чыгып, ага мамлекеттик контролдоочу органдар интеграцияланган. Алар келе жаткан жүк жөнүндө маалыматты алдын ала онлайн режиминде алып, андан ары чыгаруу чечимдерин кабыл алышат;

- Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин фитосанитардык жана ветеринардык кызматтарынын иш графиги оптималдаштырылды жана бири-бирин кайталаган документтери алынып салынды.


Онлайн кайрылуу