ЕАЭБте товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо улантылууда

Новости
01-Август 2024-ж.
2031

2024-жылдын 24-26-июлунда (РФ) Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) товарларды электрондук сатуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча эксперттик консультациялар болуп өттү. Аларга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мнистрлер Кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү катышты. Биринчи ирет бетме-бет өткөн бул эксперттик консультацияларда тараптар макулдашуунун долбоорунун көптөгөн маселелери боюнча консенсуска келишти. ЕАЭБ товарлардын электрондук соодасы жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизги принциптери Биримдиктин ички рыногунда өз ара электрондук сооданы жөнгө салууга, өз ара электрондук сооданын катышуучуларынын укуктарын камсыздоого жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого, ошондой эле алардын ортосунда өз ара иштешүүнүн жалпы эрежелерин аныктоого багытталган. Консультациялардын жыйынтыгы боюнча тараптар макулдашуунун долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча комиссия менен биргеликте мындан ары ишти улантуу жөнүндө макулдашышты.

Онлайн кайрылуу