Министр Данияр Амангельдиев Жалал-Абад облусундагы “Курорт Чаткал” курулуш долбоорун талкуулоого катышты

Новости
30-Июль 2024-ж.
1505

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын министрлери башында турган ведомство аралык топтордун делегациясынын курамында Жалал - Абад облусунун Чаткал районуна барды.

Курулуп жаткан объектилерди кыдыруунун алкагында: Чаткал-Ташкент автожолун, Чаткал дарыясынын төмөнкү агымындагы ГЭС каскадын, Чаткал жергесиндеги ”Чапчыма" жана “Беш-Салаа” участкасындагы “Чаткал” тоо лыжа базаларын куруу менен жыл бою курортун куруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тактап айтканда, Беш - Арал, Баркырак, Найза, Арал тилкелеринде жайгашкан жана Чаткал районунун Ак-Таш айылынан түз сызык менен 60-70 чакырым аралыкты түзгөн ГЭСтерди куруу долбоору талкууланды. Дарыянын башаты Баргузин району менен чек арага жакын Жогорку Нарын тоолорунда жайгашкан.

Эскерте кетсек, Ташкент шаарында “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форумунун алкагында, “Курорт Чаткал” экономикалык долбоору жана Кыргызстандын экспорттук потенциалы сунушталган. КР Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаменти менен Өзбекстан Республикасынын Туризм комитетинин ортосунда “Курорт Чаткал” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.  

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу