Соода өкүлү Баткенге өрүктү кайра иштетүүчү завод курууну сунуштады

Новости
30-Июль 2024-ж.
1882

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркиянын Малатья шаарына болгон иш сапарынын алкагында 2002-жылдан бери өндүрүш менен алектенген “Веста” кургатылган өрүк фабрикасынын ээси Хакан Четин менен жолугушту.

Таанышуу учурунда соода өкүлү Баткен шаарында ушундай эле заводдуу курууну сунуштады жана Баткен менен Ысык-Көл облустарында өндүрүлгөн өрүктү кайра иштетүүгө жана эл аралык рынокко чыгарууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында экологиялык таза продукцияны кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышуу чечими кабыл алынды.

Маалымдама:

“Vesta” фабрикасы кургатылган жемиштерди өндүрүү үчүн аянты 5000 м2 болгон жабык аянтчага курулган. Бүгүнкү күндө Түркиянын Малатия жана Измир шаарларында 4 “Vesta Factory” заводу кызмат көрсөтүүдө. Жүздөгөн кызматкерлери бар бул фабриканын жалпы аянты 30,000 м2 жана дүйнөлүк соода жана тамак-аш технологиясынын жогорку стандарттары бар жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү бириктирүүнү көздөйт.

Онлайн кайрылуу