Ысык-Көлдө чек ара аралык соода боюнча экинчи эл аралык форум өттү

Новости
29-Июль 2024-ж.
1814

2024-жылдын 26, 27, 28-июлунда Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасындагы трансчек аралык соодага арналган жыл сайын өтүүчү эл аралык форум болуп өттү “E-COM.kg”. Бул маркетинг боюнча эң ири электрондук соода форуму.

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрдин орун басары Санжар Болотов менен “Кыргыз Экспорт” Борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев экономист Чиу Ниу баштаган Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жана Алибаба Тобу Глобалдык Санариптик Бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. 

Бул жолугушуу экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу - электрондук коммерция (E-GATE) аркылуу дүйнөлүк “Рынокторго жеткиликтүүлүктү жогорулатуу” программасынын алкагында болуп өттү.  Атап айтканда, программа чакан жана орто бизнес субъектилери үчүн субсидияларды берүүгө багытталган, алардын дүйнөдөгү алдыңкы электрондук коммерция аянтчасына чыгуусун камсыз кылуу максатында. 

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары өлкөнүн экспорттук потенциалы, Кытай Эл Республикасынын рыногуна ийгиликтүү экспорттогон экологиялык таза продукцияны өндүрүүчүлөр, ошондой эле Кыргыз өндүрүүчүлөрү өз продукцияларын алдыга жылдыруу үчүн Алибаба Тобу менен активдүү иштешүүгө даяр экендигин белгиледи. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Кыргыз Экспорт" борбору менен биргеликте атамекендик экспортерлорду B2B Алибаба маркетплейстерин жайгаштыруу, ошондой эле тиешелүү тренингдерди өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүү макулдашылды.

Эске салсак, форум тажрыйба алмашуу, маркетплейстердин актуалдуу тренддерин, ийгиликтүү кейстерди талкуулоо жана пикирлеш адамдарды табуу максатында ири селлерлерди, алдыңкы эксперттерди жана е-сом рыногунун бардык өкүлдөрүн бириктирди.

Онлайн кайрылуу