Күнүнө 150 миң кирпич өндүрүштүк кубаттуулугу менен «Байтик курулуш» керамикалык кирпичтер заводу ишке кирди

Новости
29-Июль 2024-ж.
1854

26 июлда Аламүдүн районунун Байтик айылында «Байтик курулуш» керамикалык кирпич заводунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага КР экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Күнүнө 150 миң кирпич өндүрүштүк кубаттуулугу менен «Байтик курулуш» керамикалык кирпичтер заводунда 50дөн ашык адам иштейт. Капиталдык салымдардын көлөмү 9 млн АКШ долларды, ал эми жалпы өндүрүш аянты 8 000 чарчы метрди түзөт.

Онлайн кайрылуу