Кыргыз Республикасы менен Сингапур Республикасынын ортосунда Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө

Новости
29-Июль 2024-ж.
1995

2024-жылдын 23-26-июлунда  видео-конференц-байланыш режиминде Кыргыз Республикасы менен Сингапур Республикасынын ортосундагы Киреше салыктарына карата кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болуп өттү.
Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусу менен, сүйлөшүүлөрдүн I  раундунун жыйынтыгында ушул Макулдашуунун долбоору толугу менен макулдашылган.
Белгилей кетчү нерсе, Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу республиканын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу каражаты катары да каралат.
Мындан тышкары, аталган Макулдашуунун негизги милдеттери болуп, бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашкан мамлекетте салык салууда басмырлоодон коргоо, салык салуудан качууга же Макулдашуунун жобосун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жобосунун аткарылышын камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы маалыматтарды алмашуу саналат.  

Онлайн кайрылуу