«Кыргыз Республикасынын айылдык жана шаардык деңгээлиндеги администрациялык-аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын практикалык иш-аракеттери

Новости
26-Июль 2024-ж.
1165

2024-жылдын 22- 24-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосунда Тегерек стол болуп өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун модератору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин региондук өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Маматов Искандарбек Батырбекович.

Тегерек столдун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын «Административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» мыйзамын жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруунун практикалык аспектилерин талкуулоо. Катышуучулар тажрыйба жана алдыңкы тажрыйба алмашып, пайда болгон кыйынчылыктарды талкуулап, мыйзамды натыйжалуу ишке ашыруунун жолдорун табышат.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак-2” долбоору Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустарында ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа болуп саналат жана 42 муниципалитеттин жарандарынын жашоо-турмушун,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу