Кыргыз Республикасынын Ош жана Баткен шаарлары менен Түркия Республикасынын Малатия шаарынын бир тууган шаарлар чечиминин алкагында соода-экономикасын өнүктүрүү максатында иш форуму уюштурулат

Новости
26-Июль 2024-ж.
1273

Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Түркия Республикасындагы соода өкүлчүлүгү менен Түркия Республикасынын Малатия шаарынын мэриясынын жана Малатия Соода-өнөр жай палатасынын жолугушуусу болуп өттү.

2014-жылдын 17-ноябрындагы боордош шаар жөнүндө протоколго ылайык Малатья шаары менен Баткен шаарынын ортосунда боордош мамилелер орнотулган, ошондой эле 2023-жылдын 15-августундагы Малатия шаардык муниципалитетинин Кеңешинин чечимине ылайык Малатья шаары менен Ош шаарынын ортосунда боордош мамилелер орнотулган. Ушул чечимдерди ишке ашыруу максатында жолугушууда эки тараптуу соода жана экономика мамилелерин жакшыртуу маселелери көтөрүлгөн. 

Жолугушууда Малатия шаары менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүү, импорттук жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү баалоо, соода тоскоолдуктарын жана бюрократиялык процесстерди жеңилдетүү иштери каралды. Ошол менен бирге Малатия шаары менен Ош жана Баткен шаарлары ортосунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр да жыйналыштын негизги темасы болду.

Жыйналышта соода өкүлү Чынгыз Токтобеков жергиликтү иш адамдарына Кыргызстандын өз ара инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, эки өлкөнүн ортосундагы сектордук кызматташтык (айыл чарба, текстиль, курулуш), инвестициялык стимулдар жана колдоо программалары тууралуу маалымат берип, алдыда Малатия шаары менен Ош жана Баткен шаарларынын ортосунда иш форумун өткөрүүнү сунуштады.  

Бул сунушту Малатия Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Басри Илхан жана Малатия шаарынын мэриясынын өкүлү колдой тургандыгын билдирип, боордош шаарлар үчүн соода-экономикалык тармагында чоң жетишкендик болорун белгиледи. Ошол менен бирге Малатия шаарындагы иш адамдары Кыргызстандын рыногу менен таанышууга кызыктар бар экендигин белгилеп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында соода өкүлчүлүгү Малатиянын Соода-өнөр жай палатасы жана Малатия шаарынын мэриясы менен биргеликте иш алып барып, кыска мөөнөттө алдыда боло турган иш-форумду уюштуруу чечими кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу