Чолпон-Атада өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын 6-отурумунун жыйынтыгы

Новости
26-Июль 2024-ж.
201

2024-жылдын 24-25-июлунда Чолпон-Ата шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 6-жыйыны болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Торобаев Бакыт жана Түркмөнстандын Энергетика министри Сапаров Аннагелди төрагалыгынын алдында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалы тууралуу маселелер каралып, өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар транспорттук байланыштарды түзүү, жүк жана транзиттик ташуу үчүн шарттарды түзүү, энергетика, жеңил өнөр жай, туризм, маданият жана спорт тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 

Тараптар Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, Соода үйлөрүн ачуу, ошондой эле Ысык-Көлдө курорттук-эс алуу комплексин куруу долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү, телекоммуникация тармагында кызматташуу пландашылды.

Жыйындын жүрүшүндө келишимдик-укуктук базаны андан ары өнүктүрүү боюнча макулдашуулар жетишилди, тактап айтканда бул Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо, туризм, ветеринардык коопсуздук, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо, билим жөнүндөгү документтерди ез ара таануу жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун мындан ары жылдыруу маселелери макулдашылды.

Комиссиянын жыйыны достук жана жылуу атмосферада өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу