Кыргызстан ДСУда Кытайдын соода саясатына сереп салууга катышты

Новости
25-Июль 2024-ж.
280

2024-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) Женевадагы штаб-квартирасында Кытай Эл Республикасынын соода саясатынын тогузунчу серепине катышты. 

Катышуучулар бир нече актуалдуу темаларды талкуулашты, анын ичинде Кытайда өндүрүш жана тейлөө тармактарын өнүктүрүү, өнөр жай саясаты, анын ичинде импортту алмаштыруу, бизнес чөйрөсү жана кытай рыногунда чет өлкөлүк компаниялардын иштөө шарттары, Кытай Эл Республикасынын киберкоопсуздук жана кросс чөйрөсүндөгү мыйзамдык базасы, трансчек арадагы маалыматтардын агымы.

«Кытай биздин эгемендүүлүктү алгандан бери отуз жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр эки тараптуу, аймактык жана эл аралык деңгээлде, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында активдүү кызматташууда», - өз сөзүндө Нурбек Максутов белгиледи.

Серептин жүрүшүндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгы белгиленди. Бул долбоор бир алкак жана жол демилгесинин маанилүү компоненти болуп калат. «Бул темир жол Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүн Кыргыз Республикасы аркылуу байланыштырып, Европа менен Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорттук каттамдарды ачат. Бул өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууга ар тараптуу оң таасирин тийгизет», - деди Н.Максүтов.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Кытай менен тышкы соода жүгүртүүсү: жалпы жүгүртүү 5 433,7 миллион АКШ долларын, экспорт 80,5 миллион АКШ долларын, импорт 5 353,2 миллион АКШ долларын түздү. Түз чет элдик инвестициялардын агымы 220,8 млн АКШ долларын түздү. 2024-жылдын январь-май айларында товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 2 712,1 млн АКШ долларын, экспорт 38,8 млн АКШ долларын, импорт 2 673,3 млн АКШ долларын түздү. 1-кварталда тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 52,9 млн АКШ долларын түздү.

Н.Максүтов ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ДСУнун Соодага көмөктөшүү комитетиндеги кызматташтыгы тууралуу маалымат берди: «Биз санариптик революция жана акылдуу технологиялар аркылуу сооданы жеңилдетүү боюнча ДСУ Макулдашуусун ишке ашырууга көмөктөшүү идеясын биргелешип алга жылдырып жатабыз».

ДСУнун соода саясатын карап чыгуу механизми – мүчө өлкөлөрдүн соода саясатын жана алардын ДСУнун эрежелерине, жоболоруна жана милдеттенмелерине ылайык келишине жамааттык мониторинг жүргүзүү системасы. Мезгил-мезгили менен текшерүүлөр өлкөнүн эл аралык соодасынын көлөмүнө жараша ар кандай жыштыктарда жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу