Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы электрондук коммерция чөйрөсүндө биргелешкен иштер улантылат

Новости
24-Июль 2024-ж.
974

2024-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине (КР ЭКМ) караштуу Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркия Республикасынын Почта – телеграф уюмунун башкы башкармалыгынын (РТТеМ) башкы директору Хакан Чевикоглу менен Анкара шаарында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар  электрондук коммерция жана логистика тууралуу бүгүнкү күнгө чейин пландалган иштерди талкуулашты.  Ошондой эле, Чынгыз Токтобеков кезектеги жыйналышты Кыргыз Республикасында уюштуруп, кыргыз электрондук коммерция системасы менен таанышууну сунуштады. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Хакан Чевикоглу командасы менен эки өлкө ортосундагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти улантуу үчүн Кыргызстанга иш сапар менен келиши макулдашылды.

Маселенин тарыхы: Буга чейин Анкара шаарында (Түркия) өткөн Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык комиссиясынын 11-отурумунун алкагында КРнын ЭКМне караштуу Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан КРнын МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров менен Түркиянын Почта жана телеграф уюмунун Башкы башкармалыгынын (PTTeM) башкы директору Хакан Чевикоглунун жолугушуусу уюштурулган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Түркиянын Почта-телеграф уюмунун башкы башкармалыгы (PTTeM) менен «Кыргызпочтасы» ААКнун  ортосундагы кызматташууну иштеп чыгуу макулдашылган.

Макулдашуунун негизинде «Кыргызпочтасы» ААК менен «Элдик» ААКнун (РСК Банктын) жетекчилери РТТеМдин Стамбул ш. логистикалык кампалары менен таанышып, мындан ары биргеликте иш алып баруу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу