Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган иш-чаралар планына кол коюлду

Новости
24-Июль 2024-ж.
356

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-июлунда Өзбекстан Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосунда 2024-жылдан 2030-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган иш-чаралар планына кол коюлду.

Аталган план төмөндөгүлөргө багытталган негизги иш-чараларды камтыйт:

- Стандартташтыруу чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүү жана фальсификацияланган жана контрафакттык продукцияларды берүүлөрдүн тобокелдиктерин азайтуу боюнча процесстерге чакан жана орто бизнести тартуу;

- Транзиттик процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү максатында чек ара бекеттеринде жүк ташуучу унаалардын кезектерин башкаруу механизмдерин киргизүү;

- Кредиттик каржылоо аркылуу өз ара сооданы стимулдаштырууда Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролун күчөтүү, ошондой эле экспортко багытталган ишканаларды инвестициялык колдоо;

 - Бизнес-кеңештердин жыйындарын өткөрүү, B2B сүйлөшүүлөрүн активдештирүү, соода көлөмүн көбөйтүү жана  тажрыйба алмашуу үчүн көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу;

- Машина куруу, химия жана нефтехимия өнөр жай, текстиль жана курулуш тармактарында сооданы кеңейтүү. Айыл чарба продукциясын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү ж.б.;

- Эки өлкөнүн гидропотенциалын пайдалануу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

Иш-чаралар планынын алкагында тараптар туруктуу жана өз ара пайдалуу соода алакаларын түзүүнү максат кылышууда, бул өз кезегинде эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу