Кыргызстан БУУнун СЕФАКТ Туруктуу жана санариптик соодага көмөктөшүү жумалыгында алдыңкы катарда

Новости
23-Июль 2024-ж.
1075

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Соодага көмөктөшүү жана электрондук бизнес борбору (UN/CEFACT) тарабынан уюштурулган Туруктуу жана санариптик соодага көмөктөшүү жумалыгына активдүү катышты.

Пленардык сессияда аймактык жана глобалдык интеграцияны жана туруктуу өнүгүүнү колдоодо климаттык акылдуу байланыштын жана санариптик сооданын жана транспорт коридорлорунун ролу боюнча терең талкуулар болду. Жашыл жана санариптик трансформацияны колдоо үчүн туруктуу нарк чынжырларын камсыз кылуу боюнча глобалдык чечимдер да каралды.

Иш-чара БУУнун ЕЭК мүчө-өлкөлөрүн, эл аралык уюмдарды, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү, соодага көмөктөшүү боюнча эксперттерди жана бизнес-коомчулукту жумалыктын ар кандай иш-чараларына бириктирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасы КР Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутовдун атынан 2023-жылдын аягында БУУнун СЕФАКТ бюросуна төраганын орун басары катары орун алган.

Алсак, жумалыктын алкагында Нурбек Максутовдун төрагалыгы астында, учурдагы сооданы жеңилдетүү процедураларынын негизги аспектилерине арналган «Сооданы жеңилдетүү – алдыга жылуу» сессиясы болуп өттү.

Сессиянын катышуучуларына транзиттик жол-жоболорду санариптештирүү, экспорттук көзөмөл жана эл аралык соодада жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар менен байланышкан UN/CEFACT учурдагы жана келечектеги долбоорлору тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасы «Биргелешкен мультимодалдуулук – туруктуу транспорттук жана логистикалык стандарттар үчүн чек араларды бузуу» атайын сессиясында презентацияларды жасады, анда жеткирүү чынжырынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн акыркы тенденциялар, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр каралып чыкты.

Ѳлкө үчүн эл аралык автомобиль жана темир жол ташууларынын натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүнө, ошондой эле региондо мультимодалдык транспортту колдонуу менен жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын эффективдүү жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу жана колдоо каалоосуна ѳзгөчө көңүл бурулду. Сессияда Чыгыш-Батыш багыты боюнча транспорттук байланышты жакшыртуу үчүн Транскаспий транспорттук коридорун түзүүнү тездетүү маселеси Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу экендиги белгиленди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу