Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду.

видео
23-Июль 2024-ж.
279

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Алсак, Кылмыш-жаза кодекси чиновник тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы менен толукталды. 

Мындан сырткары кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү.

Ошону менен бирге ишкерлер жана инвесторлорго карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени кароодо кабыл алынган Мыйзам сотторду биринчи кезекте электрондук билериктерди (электрондук байкоо жүргүзүү), күрөө же үй камагын колдонууну кароого милдеттендирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу