Чүй облусундагы «Тулпар Моторс» заводунун расмий ишке кириши: Кыргызстандын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн жаңы этабы

Новости
19-Июль 2024-ж.
576

2024-жылдын 18-июлунда Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында автоунаа чыгарууга адистешкен «Тулпар Моторс» заводунун расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чара, видеоконференция аркылуу катышкан, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин сөз сүйлөөсү менен башталды.

Куттуктоо сөздөрү менен КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова, «UzAuto Motors» ААКнын башкы директору Бо Инге Андерссон, Москва облусунун райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Козуев жана «Тулпар Моторс» заводунун директору Муратбек Дубанаев.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин катышуучуларга заводдун негизги цехтери жана конвейерлери боюнча экскурсия уюштурулуп, анда жаңы автоунаа моделдери көрсөтүлдү. Консультанттар презентацияда автоунааларды көрсөтүшүп, келгендердин суроолоруна жооп беришти.

Заводдун ачылышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюунун жыйынытыгында мүмкүн болду. Бул келишим Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын 26-27-январында Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгѳн.

Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жана коммерциялык техниканы өндүрүүнү уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу болуп саналат. Долбоордун алкагында 1000 жаңы жумушчу орун түзүлүп, жалпы инвестициянын көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзөт. Долбоор үч этап менен ишке ашат.

Ата мекендик транспорттук каражаттардын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» мамлекеттик банктары аркылуу насыянын наркынын 20% минималдуу баштапкы төлөм менен жылдык 8% менен «Жеңилдетилген автокредиттөө» долбоорун ишке киргизди.

Бул долбоорду ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн, фактордук, сырьелук баскычтан Евразия экономикалык бирлигинин, Дүйнөлүк Соода Уюмунун жана башка эл аралык келишимдердин талаптарына жооп берген жогорку технологиялык, инновациялык өндүрүшкө өтүүнүн индикатору болуп саналат. Ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу автомобиль паркын жаңылоо менен импортту алмаштыруунун негизги милдеттерин чечүүгө жана республиканын экспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу