Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук кеңеши 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

Новости
18-Июль 2024-ж.
403

2024-жылдын 17-июлунда Бишкекте Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук кеңештин (мындан ары - Кеңеш) кезектеги отуруму болуп өттү. Анда 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары каралды.

Кеңештин ишине КР экономика и коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, Кеңештин теңтөрагасы – Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева, Кеңештин Катчылыгынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, эл аралык уюмдардын - өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, бизнес-коомчулуктун, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Катчылыктын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорту департаментинин, Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини департаментинин аткарган иштери жөнүндө маалыматтар угулду, ошондой эле темир жол транспортунда жүктөрдү тариздөө жана алуу процессин автоматташтыруунун жыйынтыктары презентацияланды жана экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча "Кыргыз Экспорт"борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар угулду.

Кеңештин жыйынынын жыйынтыгында, бир добуш менен кабыл алынган  жыйынтыктоочу резолюцияга кол коюлду.


Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-ноябрындагы Мыйзамына ылайык, 2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган ДСУну түзүү боюнча Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол ратификацияланды.

Бул Протокол ДСУга мүчө мамлекеттердин Соода жол-жоболорун жеңилдетүү жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруусун карайт, аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы №435 токтому менен Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш түзүлгөн, анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 2-сентябрындагы №582 буйругу менен бекитилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу