“Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форуму: туристтик кызматташтыктын жаңы этабы

Новости
18-Июль 2024-ж.
500

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-июлунда Өзбекстан Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында, кечээ, 17-июлда Ташкент шаарында “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форуму болуп өттү.

Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевдин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин модераторлугу астында өттү.

Форумга эки өлкөдөн 200дөн ашык ишкерлер катышты. КР Экономика жана коммерция министрлиги экономиканын «Чаткал резорт» долбоорун тартуулап, Кыргызстандын экспорттук потенциалы презентацияланды.

Форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен Өзбекстан Республикасынын Туризм боюнча комитетинин ортосунда “Chatkal Resort” тоо лыжа рекреациялык курорту” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Тараптар “Chatkal Resort” тоо лыжа рекреациялык курорту” инвестициялык долбоорун ишке ашырууда төмөнкү багыттар боюнча кызматташуу жүргүзүшөт:

 - аталган долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда кызматташууга көмөктөшүү жана эки өлкөдө туризмди туруктуу өнүктүрүүнү күчөтүү;

- Тараптардын жергиликтүү аймактарынын экономикасын туруктуу өнүктүрүү;

- эки өлкөгө ич ара туристтик агымдарды тартуу;

-Кыргызстан менен Ѳзбекстандын туризм чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү жана инвестиция тартууну эки жактуу жана ар тараптуу колдоо;

- “Chatkal Resort” тоо лыжа рекреациялык курорту” инвестициялык долбоорун ишке ашыруунун алкагында тажрыйба жана билим алмашууга көмөк көрсөтүү;

- “Chatkal Resort” тоо лыжа рекреациялык курорту” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн тоо лыжа рекреациялык курорттор жаатындагы эксперттер менен тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү;

- Тараптардын курортторунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдырууга көмөктөшүү.

          Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда “Chatkal Resort” тоо лыжа рекреациялык курорту” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу 2024-2028-жылдары күтүлүүдө. Бул долбоорду ишке ашыруу - өлкөбүздүн туризм жаатынын өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу