КРнын МинКаб башчысы: Илбирстин секирүүсүндөй ийгиликтерге жетишибиз керек

Новости
18-Июль 2024-ж.
481

2024-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Экономика жана коммерция министри, Коллегиянын төрагасы Данияр Амангельдиевдин, ошондой эле коллегия мүчөлөрү – Президенттик Админстрациянын, Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, ведомстволордун, ведомстволук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйыны ѳттү.

Жыйында 2024-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары угулуп, талкууланып, калган жылдын аягына чейинки милдеттери белгиленди. КР ЭКМнин ведомстволук түзүмдѳрү, анын ичинде Туризм департаменти, «Кыргыз экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору, Финкѳзѳмѳл жана Банкроттук иштери боюнча департаменти өз отчеттору менен бөлүштү.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө: “Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот. Башкача айтканда, белгилүү Азия жолборстору деп аталган Чыгыш Азия өлкөлөрүндөй чоң ийгиликтерге жетебиз деп үмүттөнөбүз. Алардын ийгилиги “жолборс секирик” деп аталса, “илбирстин секириктерин” жасап, алдыга жылгыбыз келет. Бир белгилүү экономист айткандай, биринчи космикалык ылдамдыгынан экинчи космикалык ылдамдыгына өтүү керек. Президентибиз Садыр Нургожоевич илбирсти өлкөбүздүн улуттук символу деп тааныган Жарлык чыгаргандан кийин илбирстин секирүүсүндөй ийгиликтерге жетишибиз керек. Биздин азыркы экономикалык абалыбызды жакшы баалоого болот. Буга БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин пикири далил, эгерде Кыргызстан мурда уктап жаткан сулуу болсо, азыр күлүк атты элестетет”, - деп белгиледи. 

Аны менен бирге, МинКаб башчысы өз сөзүндө экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду. Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп турат – 2023-жылы ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түзсө, 2024-жылдын биринчи кварталында экономикалык өсүш темпи 8,8%га чейин өстү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 8,1%ды, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,9%ды, ИДП 559 млрд сомдон ашыкты түздү.

Коллегиянын мүчөлөрү ошондой эле министрликтин отчеттук мезгилдеги аткаруу тартибинин абалы тууралуу маалыматты карап, 2024-жылга карата негизги иш багыттарын аныкташты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу