Кытай менен техникалык жөнгө салуу жана метрология тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Новости
15-Июль 2024-ж.
94

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назар Малаев Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясынын Сертификация департаментинин башкы директорунун орун басары Чен Хайянг менен жолугушту. Иш-чарага ошондой эле Техникалык жөнгө салуу жана метрология департаментинин, Кыргыз аккредитация борборунун жана Стандартташтыруу жана метрология борборунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн Кытай рыногуна чыгуусун жеңилдетүүгө багытталган техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Кытай Эл Республикасынын Стандартташтыруу башкармалыгынын ортосунда улуттук стандарттарды жайылтуу боюнча макулдашууга кол коюуну тездетүү маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү үчүн зарыл болгон Кытай Эл Республикасынын стандарттарын жана ченемдик укуктук актыларын орус же англис тилдеринде берүү, кытайлык сыноо ыкмаларын жана стандарттарын колдонуу менен продукциянын шайкештигин баалоо боюнча биргелешкен органдарды ачуу, ошондой эле жабдууларды техникалык жактан камсыздоо маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча зарыл болгон стандарттардын тизмесин даярдоо, техникалык жөнгө салуу жана метрология, электрондук коммерция тармагында адистерди даярдоо жана Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча биргелешкен органдарды түзүү маселелерин кароо чечими кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу