Кыргызстан менен Өзбекстандын Соода үйлөрүн ачуу маселелери талкууланды

Новости
12-Июль 2024-ж.
408

2024-жылдын 6-июлунда КРнын ЭКМнин Өзбекстандагы Соода өкүлү Алмаз Темирбеков Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык тармактагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын багыттары талкууланды.

Ошондой эле тараптар, 2024-жылдын 17-июлунда Ташкент шаарында өтө турган Кыргыз-өзбек бизнес-форумуна даярдыкты талкуулашты. Бул иш-чара эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы экономикалык мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Мындай форумдар эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды чыңдоодо, тажрыйба, идея алмашууга жана ишкер байланыштарды түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

Аны менен бирге, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү үчүн маанилүү кадам болуп кала турган Кыргызстан менен Өзбекстандын соода үйлөрүн ачуу маселелери көтөрүлдү. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу