Чоро Сейитов Анкара шаарынын мэри Мансур Явас менен жолугушту

Новости
12-Июль 2024-ж.
399

2024-жылдын 11-июлу - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейитов Чоро Сейитович Анкара шаарынын мэри Мансур Явас менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери, анын ичинде саясий өз ара аракеттенүү, соода-экономикалык байланыштар жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Тараптар кыргыз-түрк мамилелериндеги олуттуу жетишкендиктерди белгилешип, кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине ишенимин билдиришти.

Сейитов Чоро Сейитович Анкара шаарынын мэри менен жолугушуу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу