КР менен РФнын 25-Өкмөттөр аралык жана 11-аймактар аралык конференциясынын негизги жыйынтыктары

Новости
11-Июль 2024-ж.
544

Красноярск шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-юбилейлик жыйыны жана 11-аймактар аралык конференциясы ийгиликтүү аяктады. Иш-чарада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин негизги аспектилери талкууланды.

Бул өкмөттөр аралык комиссиянын өзгөчөлүгүнүн бири Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги менен11-аймактар аралык конференцияны биргелешип өткөрүү болду.

Кыргызстандын делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жетектеди.

Ал эми, ѲАКнын отурумуна Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев катышып, ѲАКнын негизги пленардык жыйынына жана конференцияга модератордук кылды. 

Негизги натыйжалар:

1. Соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо:

 - Өнөр жай, айыл чарба, энергетика тармагында соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү, биргелешкен ишканаларды өнүктүрүү жана долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча макулдашуулар жетишилди.

- 2023-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 3 миллиард АКШ долларына жетип, 2024-жылдын төрт айында 30% өсүү менен миллиарддан ашты. Эки өлкөнүн лидерлери койгон 5 миллиард долларлык максат артыкчылыктуу бойдон калууда.

2. Илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү:

 -Кыргызстанда тогуз заманбап мектеп куруу боюнча келишим түзүлүп, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер активдүү уланууда.

3. Келишимдердин аткарылышын талдоо:

 - Мурунку жолугушуунун макулдашууларынын аткарылышын талдоо оң динамикасын көрсөттү – макулдашуулардын 78,5%ы аткарылды. Эксперттер келерки жылдын милдеттеринин жаңы комплексинин үстүндө иштешти, анын ичинде өнөр жай, транспорт, айыл чарба, туризм, энергетика жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери бар.

Конференциянын жыйынтыгында 16 аймактар аралык меморандумдарга жана келишимдерге, ошондой эле ѲАК протоколуна кол коюлду. Бул Кыргызстан менен Россиянын аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат, ал эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы экономикалык жана социалдык байланыштарды чыңдап, өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Конференцияга ошондой эле облус жетекчилери, шаар мэрлери, Кыргыз Республикасынын райондорунун акимдери, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Конференция Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын ортосунда тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн жемиштүү аянтча болуп калды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу