Кыргызстан КМШга катышкан мамлекеттердин туризм боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын катышуучуларын кабыл алууда

Новости
10-Июль 2024-ж.
612

Эртең, 11-12-июлдарда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин туризм боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул Кеңеш 1994-жылдын 9-сентябрында түзүлгөн Туризм жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин Туризм боюнча кеңешинин мураскери болуп саналат.

Кеңештин негизги максаттары, эл аралык туристтик байланыштарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандардын руханий керектөөлөрүн канааттандыруу, экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле туризм боюнча мамлекеттик органдар менен ар кандай туристтик уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү кирет.

Отурумга Кыргыз Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, Тажикстан Республикасынан, Армения Республикасынан (онлайн), Өзбекстан Республикасынан, ошондой эле КМШ Ишкер кеңешинен жана КМШ Туризм боюнча кеңештин катчылыгынан делегациялар катышат,

Сүрөттө КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары К. Кенжематова Кыргызстанга келген конокторду тосуп алууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу