Данияр Амангелдиев БАЭнин тышкы соода мамлекеттик министри менен «ИННОПРОМ-2024» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында жолугушту

Новости
08-Июль 2024-ж.
710

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани Бин Ахмед Аль Зейуди жана «Экономикалык шаарлар жана эркин зоналар» кластеринин башчысы Абдулла Аль Хамели менен Екатеринбургда, 2024-жылды 8-июлунан 12-июлуна чейин өтүүчү ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуунун алкагында жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, активдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди.

Тактап айтканда, «Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналаарын» белгилеп, министр Данияр Амангелдиев «Кыргыз Республикасы ар түрдүү тармактарда кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатканын жана КР менен БАЭ ортосундагы экономикалык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө үмүттөнөрүн», -  баса белгиледи.

Өз кезегинде БАЭнин тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани Бин Ахмед Аль Зейуди «Кыргызстан Өнүгүү үчүн олуттуу потенциалга ээ жана инвестиция үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт» деп белгилеп, «келечектүү долбоорлорду карап чыгууга, аларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн тажрыйба жана технологиялар менен бөлүшүүгө даяр», - деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода жана инвестициялар жаатында эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле экономиканын ар кыл тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде товар жүгүртүүнү кеңейтүү, БАЭнан инвестицияларды Кыргыз Республикасынын экономикасына тартуу жана инновациялар жана технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар диалогду улантуу жана конкреттүү демилгелерди жана долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө макулдашышты. 

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу