Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов менен жолугушту

Новости
08-Июль 2024-ж.
705

Екатеринбургдагы ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө (8-12 июлдарында) катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өз ара сооданы кеңейтүү, өнөр жай чөйрөсүндөгү кызматташтык жана инвестициялык долбоорлор маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Данияр Амангелдиев эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен демилгелердин ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирди. Ошондой эле, ал Кыргызстан Россия менен экономиканын ар кыл тармактарында жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Антон Алиханов өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө толук колдоо көрсөтүп, өз ара пайдалуу негизде эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана мындан аркы кызматташууга өбөлгө түзгөн конструктивдүү атмосферада өттү.

Маалымдама: 8-июлдан 12-июлга чейин Екатеринбургда өтүүчү ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынан төмөнкү курамдагы расмий делегация катышууда:

  • Амангелдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри
  • Новиков Артем Эдуардович - Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы
  • Такиров Урмат Канатбекович – КР ЭКМне караштуу «Кыргыз Экспорт» Борборунун директору.

Делегация көргөзмөнүн иш-чараларына активдүү катышып, эл аралык компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле, кызматташуунун келечегин жана Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу