Данияр Амангельдиев Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Новости
08-Июль 2024-ж.
766

2024-жылдын 8-12-июлдарында Екатеринбургда (РФ) өтүүчү ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоо, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктарды колдоо, ошондой эле бизнес жана инвестиция жаатындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды. Министр Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн диаспора менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өкмөт Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз каражатын жана билимин жумшоону каалаган кыргызстандыктарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

«Кыргыз диаспорасы биздин өлкөлөр ортосундагы байланышты бекемдөөдө маанилүү звено болуп саналат. Сиздердин чет өлкөдөгү ийгиликтериңиздер Кыргызстандын аброюна жана өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда. Биз сиздер менен кызматташууга, сиздердин демилгелериңиздерди колдоого жана мекенибизде бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз», — деп белгиледи министр.

Диаспора өкүлдөрү өкмөттүн көңүл буруусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда экономикалык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча өз идеялары жана сунуштары менен бөлүшүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу