ЕАЭБнин Бажы кодексине электрондук соода жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланды

Новости
05-Июль 2024-ж.
812

4-июлда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов менен Назар Малаевдин Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегиянын Мүчөсү (Министр) Эльдар Алишеров, ошондой эле салык, бажы кызматтарынын жана "Кыргыз почтасы" ААКнун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Аталган жолугушуунун алкагында Бажы кызматташтыгы жаатындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине электрондук соода жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланды. Аны менен бирге, тышкы экономикалык ишмердүүлүктө электрондук сооданы өнүктүрүүнүн келечеги, аны ишке ашыруунун алкагында кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат алмашышты.

Бажы чөйрөсүндөгү интеграциянын маанилүү аспектилери, ошондой эле натыйжалуу бажы контролунун жана соодадагы бизнестин кызыкчылыктарын сактоонун катышынын механизмдери козголду.

Жолугушуу жемиштүү шартта өттү. Анын жыйынтыгы боюнча Тараптар бажы кызматташтыгын тереңдетүү боюнча ишти улантуу ниетин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу