КР ЭК министри илимий чөйрө менен мындан ары да кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди

Новости
05-Июль 2024-ж.
64

Бул тууралуу КРнын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев экономикалык талдоо жана болжолдоо жаатындагы кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга арналган семинарда билдирди.

Тема боюнча доценттин м.а., Кыргыз-Түрк университетинин Экономика жана башкаруу кафедрасынын PhD Айнура Турдалиева жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өкүлү Наталья Захарова сүйлөштү. Айнура Турдалиева тармактар аралык балансты иштеп чыгуунун негизги түшүнүктөрүн жана тенденцияларын баса белгиледи. Ошондой эле ал КРнын тармактар аралык балансын изилдөөнүн жыйынтыктарын жана аларды пайдалануу менен жарыяланган эмгектерин сунуштады.

Министр Данияр Амангельдиев экономикалык саясатты иштеп чыгуу жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн заманбап ыкмаларды жана инструменттерди колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал, заманбап экономика көптөгөн горизонталдык жана вертикалдык байланыштары бар ачык система жана анын ийгиликтүү өнүгүшү бул байланыштарды макро- жана микро деңгээлдерде натыйжалуу башкаруудан көз каранды деп билдирди.

Семинарда катышуучулар экономикадагы акыркы өзгөрүүлөрдү жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечегин талкуулашты. Министр маалыматтар үчүн ыраазычылык айтып, мындан ары да илимий чөйрө менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу