Данияр Амангельдиев Анталия миллионерлер клубунун жетекчилиги баштаган түрк бизнесмендеринин делегациясы менен жолугушту

Новости
04-Июль 2024-ж.
134

2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Анталия миллионерлер клубунун жетекчиси баштаган түрк бизнесмендеринин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр конокторду Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын максаттары жана милдеттери, ошондой эле пландаштырылган артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлору менен тааныштырып, туристтик чөйрөдөгү долбоорлорго өзгөчө көңүл бурду. Аны менен бирге, Данияр Амангельдиев демилгеленген Бүткүл сезондук тоо-туристтик «Baytik Mountain Resort» курорту, «Үч чоку» жана «Чаткал Резорт» долбоорлорунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду инвесторлорго жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча презентация өтүп, алардын дараметин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү менен кеңири маалымат берди.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүдө чет элдик инвесторлорго берилүүчү шарттарга жана кепилдиктерге бурулду. Министр Өкмөт ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана бизнести ийгиликтүү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр деп ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүү жана каралган долбоорлорду ишке ашырууну иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзүүнү макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу