КРнын ЭКМнин Түркиядагы соода өкүлү Түрк мамлекеттер уюмунун Эл аралык бизнес-форумуна катышты

Новости
03-Июль 2024-ж.
70

2024-жылдын 27-июнунда Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Эл аралык бизнес форуму болуп өттү. Иш-чарага КР ЭКМнин Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков катышты.

Форумга катышуучу 6 өлкөнүн: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын өкүлдөрү, аны менен бирге байкоочу өлкөлөр: Түндүк Кипр, Венгрия жана европалык палаталардын өкүлдөрү, Түрк өлкөлөрүнүн ишкер инвестициялык форумунун алкагында инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Форумдун камтылган негизги темалары:

1. Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы.

2. Продукцияны ТМУнун катышуучу жана байкоочу өлкөлөрдүн аймагына экспорттоо.

3. Экологиялык таза продукцияны жайылтуу.

4. Жашыл энергетиканы өнүктүрүү.

5. IT тармагын өнүктүрүү келечеги.

6. Заманбап чакырыктардын контекстинде банк секторун трансформациялоо.

Ошону менен бирге, форумдун B2B жолугушуусунун алкагында соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түрк өлкөлөрүнүн бизнесмендеринин сүйлөшүүлөрү болду.

Мындай эл аралык иш-чараларга Кыргызстандын катышуусу башка түрк мамлекеттери менен экономикалык кызматташтыкты бекемдейт, чет элдик инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт жана улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу