«Кыргызстандын даамы»: Ташкенттеги кызматташуу боюнча кол коюлган меморандум кыргызстандык өндүрүшчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Новости
01-Июль 2024-ж.
177

27-июнда Ташкент ш. (Өзбекстан) КРнын ЭКМне караштуу Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын даамы» иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлү Алмаз Темирбеков менен биргелешкен ишканана «Havas food» ЖЧКнын коммерциялык директору Пулат Мавляновдун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул келишим кыргызстандык өндүрүшчүлөргө Ташкент жана Ташкент облусунун рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен жаңы горизонтторду ачат.

Алмаз Темирбеков, КР Өзбекстандагы соода өкүлү:

«Кыргызстандын даамын» өткөрүү жана меморандумга кол коюу-биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Биз кыргыз продукциясы сапаты жана табигыйлыгы менен өзбек керектөөчүлөрүнүн жүрөгүн багындырарына ишенебиз».

Иш-чарага Кыргызстандын алдыңкы: «Эфтар агро-комплекс», «Татымал групп», , «Алайку органикс», «Золотой орех», «Ишкер Кейджи», «Адал азык» (Тойбосс), «ПродМикс», «Азия Бренд» ЖЧКлары жана ИП Махмудов М («Жети Баатыр» СМ) катышышты.

Ташкент ш. жана Ташкент облустарынын супермаркет «Андалус», ООО «Angels food» (Корзинка), СП ООО «Havas food» ири соода тармактарынын өкүлдөрү менен Өзбекстандын башка ишкерлери кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Иш-чаранын алкагында кыргыз өндүрүүчүлөрү өз өндүрүшүнүн презентациялап, мүмкүнчүлүктөрун жана потенциалын  сунушташты. Продукциялардын жогорку сапаты, табигыйлыгы жана экологиялуулугу өзбек өнөктөштөрүнүн кызыгуусун жаратты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу