Кыргызстан жана “White & Case LLP” өнүгүү биргелешкен демилгелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты

Новости
28-Июнь 2024-ж.
446

2024-жылдын  27-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун “White & Case LLP”  америкалык эл аралык юридикалык фирманын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган учурдагы экономикалык реформалар жана демилгелер жөнүндө кыскача маалымат берди.  Чоро Сейитов жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар энергетика, инфраструктура, IT-технологиялар жана өнөр жай өндүрүшү сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле кызматташууга кызыкдарлыгын билдиришти жана бул стратегиялык маанилүү секторлордогу биргелешкен аракеттер Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө олуттуу өбөлгө түзөөрүнө макул болушту. 

Мындан тышкары, талкуунун жүрүшүндө АКШ багыты боюнча экспортту кеңейтүү жана продукциянын потенциалдуу түрлөрүн диверсификациялоо мүмкүндүгү козголду. Бул өлкөлөр ортосундагы соода байланыштарын чыңдап гана тим болбостон, эл аралык рыноктордо алардын катышуусун кеңейтүү менен жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. 

Тараптар өнөктөштүк мамилелердин бекемделиши өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти. Алар диалогду улантуу жана белгиленген пландарды ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу