Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри менен KOICA жаңы агро өнөр жай долбоорун талкуулашты

Новости
28-Июнь 2024-ж.
537

2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен «Asia Retail» ЖАКунун жана «Умай Групп» ААКунун өкүлдөрү менен жолугушуп, Чүй облусунда агро өнөр жай комплексинин курулушун талкуулашты.

Бул долбоор KOICA’нын гранттык каражаттары тарабынан каржыланат жана айыл чарба нарк чынжырын бекемдөө аркылуу рынокко жеткиликтүүлүктү жогорулатуу менен фермерлердин кирешелерин жогорулатууга багытталган.

Данияр Амангелдиев жергиликтүү дыйкандарды колдоо, керектөөчүлөргө сунушталып жаткан продукциянын сапатын жакшыртуу, ошондой эле соода-логистикалык борборду уюштуруу аркылуу продукцияны үзгүлтүксүз камсыздоо максатында долбоордун кыргыз тарап үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Борбордо продукцияларды сактоо, сорттоо жана кайра иштетүү пландалууда.

Кошумчалай кетсек, министр бул борбор өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүдө чоң роль ойноорун жана буга байланыштуу долбоор ийгиликтүү ишке ашса, масштабдуу пландар бар экендигин кабарлады.

Корей тарап тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирип, долбоор биринчи кезекте жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, анын ичинде потенциалын жогорулатууга багытталганын белгиледи. Чекене соода ишканаларына товарлар сорттолуп, таңгакталган соода-логистикалык борборлордо суроо-талаптын бар экендиги тууралуу маалымат берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу