Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономикалык өнөктөштүктү талкуулады

Новости
27-Июнь 2024-ж.
458

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин эксперттери менен бирдикте Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү 2024-жылдын 24-25-июнунда Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Санариптик экономикадагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун долбоорунун талкуулоосуна катышты.


Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Санариптик экономикадагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу долбоорунун негизги максаты электрондук коммерция чөйрөсүндө Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.


Эксперттик отурумдун жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Санариптик экономикадагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун долбоорунун драфты даярдалып, ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз министрлик отурумунда бекитилет.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу