Үрүмчүдө Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды

Новости
27-Июнь 2024-ж.
537

2024-жылдын 26-июнунда Үрүмчү шаарында Кыргыз-Кытай (СУАР) соода-экономикалык кызматташуу борборунун кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаев катышты. Борбор Синлун индустриалдык паркынын аймагында жайгашкан жана 400 чарчы метрден ашык аянтты ээлейт.


Кызматташтык борборуна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан уруксат берилген, бул анын соода өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыкта иштешине кепилдик берет.


Борбордун негизги максаты эки тараптан тематикалык жолугушууларды, иш-чараларды жана долбоорлорду презентациялоо аркылуу кыргыз жана кытай бизнеси үчүн платформа түзүү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, инвестициялоо багыттары жана кыргыз жана Кытай ишканаларынын биргелешкен кызматташтыгы үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө актуалдуу маалыматтар сунушталат.


Синлун индустриалдык паркы, анын ээси Xing Long Синьцзян корпорациясы Кыргыз Республикасынын аймагындагы индустриалдык паркты өнүктүрүүгө кызыкдар. Кытай тарап Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн көптөгөн Кытай компанияларын тартууга ниеттенүүдө, бул эки өлкөнүн ортосунда өз ара инвестицияларды тартууга, өнөр жайды жана инновацияларды модернизациялоого дем берүүгө өбөлгө түзөт.


Маалымдама:

Xing Long Синьцзян корпорациясы Үрүмчү шаарындагы Синлун индустриалдык паркына ээлик кылат, анын жалпы аянты 300 000 чарчы метрден ашат. Паркта 200дөн ашык ири жана орто компаниялар иштейт, алардын жылдык салык төлөмү 100 миллион юандан ашык, ал эми кызматкерлеринин саны 6000ден ашат.


Корпорациянын негизги иш-аракеттерине өнөр жай кыймылсыз мүлкүн өнүктүрүү, эксплуатациялоо, Инвестицияларды илгерилетүү, ишканаларды башкаруу, консалтинг, жеткирүү тармагын башкаруу, кампа кызматтары жана чет элдик инвестициялар кирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу