Кызматташтыкты бекемдөө: Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүнүн Өзбекстандагы ишканаларына сапары

Новости
26-Июнь 2024-ж.
359

25-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлү Алмаз Темирбеков Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев менен курулуш жана лак-сыр материалдарын өндүрүүгө адистешкен бир катар алдыңкы өзбек ишканаларына барышты.


Иш сапардын жүрүшүндө:

- «Europaint» ЖЧКсы: «Vikron» бренди астында акрил лак-сыр материалдарын чыгаруучу ишкана;

- «Novol Asia» ЖЧКсы, поляк-өзбек биргелешкен ишканасы, кузов жумуштары үчүн авто шыбактарды, лактарды жана праймерлерди, ошондой эле «Economy» жана «Fiber» бренддери астында накта таш үчүн клей чыгарат;

- «Rubisol-B» ЖЧКсы: жаңы муундагы инновациялык гидроизоляциялык жабууну чыгарууга адистешкен ишкана.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды:

- Өзбек ишканаларынын продукциясын Кыргызстанга экспорттоо мүмкүнчүлүгү;

- Курулуш жана лак-сыр материалдарын өндүрүү жаатында тажрыйба алмашуу;

- Өндүрүштүн жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү.


«Биз Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы курулуш индустриясы жана лак-сыр тармагы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциалды көрүп турабыз. Биздин өзбек ишканаларына болгон сапарларыбыз өзбек рыногунун муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берет, бул бизге кыргыз товарларын жана кызматтарын натыйжалуу жайылтууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков.


Бул сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жолундагы маанилүү кадам болуп саналат, бул кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бизнес жана соода үчүн жаңы перспективаларды ачууга өбөлгө түзөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу