Кыргызстандын Улуттук стенди Үрүмчү шаарында көрсөтүлдү

Новости
26-Июнь 2024-ж.
632

2024-жылдын 26-июнунда Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Уйгур автономдук аймагында, Үрүмчү шаарында, Кыргызстандын Улуттук стендинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Жыл сайын өтүүчү 8 – эл аралык Кытай Евразия ЭКСПО көргөзмөсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.Ү. Жапаровдун СУАА сапарынын алкагында өтөт. Ошентип, Үрүмчү эл аралык борборун кыдырып, Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын Өкмөт башчылары Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонуна барышты. 


Кыргыз Республикасынын 180 чарчы метр аянттагы улуттук павильонунда бал, шире, кургатылган жемиштер, кычкыл сүт продукциясы, тоңдурулган мөмө-жемиштер, улуттук кийимдер, ошондой эле Балкинг, Эксимторг, ИП Галиев, Экопродукт, Алайку Органикс, Нур-бал, Экофлора, Ыр-Киев ИП, Кеште, Байра, Балаар, Тянь-Шань Белектери, Аман Грин Фуд, Бай Фермер, Бионур, Кыргызцентропродукт, Продимпекс, Океан, Панда Трейл көрсөтүлдү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу