Лабораториялык сыноолордун протоколдорун берүүнү автоматташтыруу боюнча бирдиктүү терезенин маалыматтык системасына (ИСЕО) кошулууга сыноо лабораторияларынын даярдыгы жөнүндө

Новости
25-Июнь 2024-ж.
699

2024-жылдын 25-июнунда КР Экономика жана коммерция министрлигинде сертификациялоо боюнча органдардын, сыноо лабораторияларынын, Бирдиктүү терезе борборунун мамлекеттик ишканасынын (БТБ МИ), Кыргыз аккредитациялоо борборунун (КАБ), Стандартташтыруу жана метрология борборунун  (СМБ) өкүлдөрү менен лабораториялык сыноолордун протоколдорун берүүнү автоматташтыруу боюнча бирдиктүү терезе маалыматтык системасына (ИСЕО) кошулууга сыноо лабораторияларынын даярдыгын талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү. 


БТБ МИнын лабораториялык сыноолордун протоколдорун тариздөө жана колдонуу процесстерин автоматташтыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүздүтөмөнкүлөрдү камтыйт

- лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө өтүнмөнү электрондук берүү;

- маалыматтарды алуу үчүн башка маалыматтык системалар менен интеграциялоо; 

- сыноолордун протоколдорун тариздөө; 

- сыноолордун протоколдорунун маалыматтарынын негизинде реестрди түзүү.


Азыркы учурда БТБ МИ аккредиттелген сыноо лабораторияларынын кызматкерлерин окутууну өткөрдү жана 5 сыноо лабораториялары менен пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды. 


Кеңешменин жүрүшүндө аккредиттелген сыноо лабораторияларынын кызматкерлерине долбоорду өндүрүштүк эксплуатацияга киргизүү 2024-жылдын 1-июлуна пландаштырылгандыгы жана 1-июлга чейин бардык сыноо лабораториялары аккредиттелген сыноо лабораториялары тарабынан берилген лабораториялык сыноолордун протоколдорун тариздөө жана колдонуу процесстерин автоматташтыруу боюнча программага кошулуусу керектиги маалымдалды. 


Маалымдама:

Лабораторияларда сыноо протоколдорун берүүнүн бизнес-процесстерин оптималдаштыруу, берүү процессин контролдоо инструменттерин түзүү, сыноо протоколдорунун фальсификация тобокелдиктерин жоюу, протоколдордун бирдиктүү реестрин түзүү максатында бирдиктүү терезенин маалыматтык системасында (ИСЕО) лабораториялык сыноолордун протоколдорун берүүнү автоматташтыруу боюнча программалык модуль иштелип чыккан.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу