Министрдин орун басары С. Болотов Zaha Hadid өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда кызматташуунун келечеги талкууланды

Новости
24-Июнь 2024-ж.
540

2024-жылдын 24-25 – июнунда Кыргыз Республикасына, Бишкек шаарына, архитектура жана дизайн дүйнөсүндөгү алдыңкы компаниялардын бири- Zaha Hadid өкүлдөрү иш сапар менен келишкен. Делегациянын курамына компаниянын директору Мануэла Гатто жана улук кызматкер Евгения Позигун кирди. Жолугушууну Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги уюштурду. 



Иш-чарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов, ошондой эле өлкөнүн 40тан ашык курулуш жана архитектуралык компанияларынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун негизги максаты курулуш жана архитектура тармагында тажрыйба алмашуу, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулоо болду. 


Zaha Hadid өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон сапары компаниянын тарыхында биринчи жолу болду. Алар өлкөнүн бизнес өкүлдөрү менен потенциалдуу кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти. Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында, ал Кыргызстандын курулуш компаниялары үчүн ишкер байланыштарды түзүүгө жана архитектура жана дизайндын дүйнөлүк лидерлери менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө потенциалдуу өнөктөштүк жана өз ара пайда алуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. 


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул визит өлкөнүн курулуш жана архитектура тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды алып келе турган жемиштүү кызматташуунун башталышы болот деп үмүттөнөт. 


Маалымдама

Zaha Hadid компаниясы пионердик изилдөө, иштеп чыгуу жана алдыңкы дизайнды ишке ашыруу боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Ал дүйнө жүзү боюнча дымактуу долбоорлору менен белгилүү, анын ичинде турак жай жана кеңсе имараттары, коомдук имараттар, аэропорттор, көпүрөлөр, музейлер жана маданий борборлор. Zaha Hadid ар кандай тармактардагы ири корпорациялар менен активдүү кызматташат жана 1000 өлкөдө 44 ашык долбоорлорду ишке ашырган.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу