Кыргызстан ЕАЭБ алкагында шарттарды толук аткарбай жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Новости
24-Июнь 2024-ж.
875

Оптималдуу чечимдерди жана альтернативаларды илгерилетүү бирикмеси ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Нурсултан Мукаев Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда республиканын алдында коюлган шарттарды аягына чейин аткара электиги тууралуу маалыматты ММКларда таратууга байланыштуу чындыкка дал келбейт. 



Кыргызстан 2014-жылы ЕАЭБге кошулуунун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чек арасындагы бардык өткөрмө пункттарын жайгаштыруу жана жабдуу жагынан республика алган бардык милдеттенмелерди аткарды. Азыркы учурда бардык 14 өткөрүү пункттары ЕАЭБдин бирдиктүү эрежелерине толук ылайык келет. Модернизациялоодон өткөн акыркы пункт Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек арасындагы Кызыл-Бел өткөрмө пункту болду.


2024-жылдын мартында бул өткөрмө пунктка баруунун жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары Кызыл-Бел өткөрмө пунктун ЕАЭБ талаптарына ылайык жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жактан жабдуу аяктаганын тастыкташты. 


Буга байланыштуу Министрлик Кыргызстандын жарандарын жана коомдук уюмдарды ишенимдүү жана текшерилген маалыматтарды таратууну өтүнөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу