Туристтик өнөктөштүктүн жаңы этабы: Ысык-Көл Өзбекстандан конокторду күтөт

Новости
21-Июнь 2024-ж.
967

2024-жылдын 20-июнунда Ташкент шаарында КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн соода өкүлү Алмаз Темирбеков “Малва Тур” туристтик агенттигинин директору Зарина Гулямова менен келишим түзгөн. Бул Келишимде Өзбекстандын жарандарына бир катар пансионаттарга жана Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына жолдомо берүү каралган.


“Туризм биздин өлкөнүн экономикасынын маанилүү түзүүчүлөрүнүн бири болуп саналат жана Өзбекстандан Ысык-Көлгө туристтердин келиши туристтик индустриядан түшкөн кирешени бир кыйла көбөйтүшү мүмкүн. Соода өкүлчүлүгү Борбордук Азиянын эң кооз жерлеринин бири болгон Ысык-Көл багытында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Өзүнүн уникалдуу жаратылышы, таза абасы жана укмуштуудай тоолуу пейзаждары менен Ысык-Көл эс алуу жана күч-кубат алуу үчүн идеалдуу жер болуп саналат. Биргелешкен аракеттер туристтер үчүн уникалдуу сунуштарды түзүп, биздин аймакта жогорку деңгээлдеги комфортту жана сервисти камсыздайт деп ишенебиз", - деп белгиледи А.Темирбеков.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу